• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Карантин аяктаса биринчи кезекте кимге жумушка чыгууга уруксат берилери айтылды

24 Чын куран 202012:46 Бишкек Govori.TV

Эгер карантин токтосо биринчи кезекте күнүмдүк маянага иштегендерге жумушка чыгууга уруксат берилет. Бул тууралуу 24-апрелде ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Биринчи кезекте жарандар күнүмдүк оокатын таап иштеген тармактардын иши жанданышы керек. Алар курулуш, ТТС, такси. Бирок алар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы зарыл. Бир таксиде 2ден ашык жүргүнчү болбошу кажет. Өз убагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жарандар беткап тагынып, ортодогу аралык сакталышы абзел. Коюлган талаптар аткарылбаган учурда мыйзам чегинде жарандарын жоопкерчилиги каралат», — деп билдирди комендант Орозалиев.

Количество просмотров: 12454