• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Карантинде зээриккен депутаттар виртуалдуу оюн менен алек

8 Чын куран 2020 17:50 Бишкек Govori.TV

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстандын аймактарына өзгөчө абал режими киргизилгенине 2 апта толду. Бул арада Жогорку Кеңештин депутаттары социалдык баракчалары аркылуу бири-бирине «Ат адамдын канаты» аталышындагы эстафетаны узатышууда. Эстафетаны депутат Тазабек Икрамов Төрөбай Зулпукаровго узаткан.

Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров жакшы күндөр эрте келсин деген тилегин айтып, эстафетаны кесиптеши Канатбек Исаевге жөнөткөн.

Депутат Канатбек Исаев аталган эстафетаны төраганын орун басары Мирлан Бакировго узаткан.

«Ат адамдын канаты» эстафетасын кубануу менен кабыл алган Бакиров Бактыбек Раимкуловго узаткан.

Количество просмотров: 800