Чек ара чыры дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев билдирди.
«Акыркы мезгилде Баткен облусунда чек арада талаш маселелер жаралып, а түгүл ок атышуулар орун алды. Маселе эки мамлекеттин ортосундагы чек араны тактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын деңгээлинде чечилиши керек. Эки өлкө кылымдар бою жашап келген коңшу мамлекеттер. Ошондуктан көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен гана чечүү зарыл»,-деп билдирди Карашев.