Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев коронавируска байланыштуу депутаттар каникулга тарабай тургандыктарын айтты.
«Эми бул албетте акыбалга жараша болот. Бирок менин жеке оюм боюнча Жогорку Кеңеш өзү элге үлгү көрсөтүш керек го деп ойлойм. Чыгып иштеп, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып, өкмөткө тапшырмаларды берип, маалыматтарды угуп, коомчулукка маалымат берүү керек. Баары эле үйдө да олтуруп алса болбойт да», — деди депутат.