• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Карашев: Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештен расмий каттоодон өтө элек

24 Бирдин айы 202115:40 Бишкек Govori.TV

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке расмий келип, каттоодон өтө элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев билдирди.

«Эгерде оңдоп-түздөөлөр болсо, анда аларды биз документ каттоодон өтүп, комитетке киргенге чейин киргизип калышыбыз зарыл. Каттоодон өткөн соң регламент боюнча эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизе албай калабыз»,-деди Карашев.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар арасында Конституциянын жаңы долбооруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү укугу талкуу жараткан болчу.

Количество просмотров: 115