• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Каратаев: Биз коронавирустун жогорку чегине жеттик

28 Бугу 2020 18:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевден коронавируска карата өлкөдөгү абал боюнча сурады.

«Коронавирустун абалы турукташты, бирок акыркы 2 күндүн ичинде кескин өсүшү байкалды. Инфекцияга чалдыккандардын санынын өсүшүнүн субъективдүү жана объективдүү себептери бар. Бирок биз жалпы калкка таасир эте турган кескин өсүштү токтоттук. Кечээ Ошто жугуштуу оору перинаталдык борбордо катталган. Нарында облустук ооруканаларда жаткан адамдардын ичинен чыкты. Сырттан келгендерден дагы катталууда. Россиядан келген жүк ташуучулардан жана башка жарандардан чыгып жатат. Бирок биз эпидемиянын жайылышын мүмкүн болушунча токтотуп калууга мүмкүнчүлүк болду», — деди Каратаев.

Анын айтымында, Нарын облусундагы эпидемияга байланыштуу бир катар катачылыктар болгон.

«Бул боюнча толугу менен изоляциянын аркасында кырдаалды жөнгө салдык», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Маматалиев коронавирус эпидемиясынын жогорку чеги тууралуу сурады.

«Биз жогорку чегине жеттик, эми тескери процесс башталды. Жалпысынан өлкөдө инфекциянын 1594 учуру катталып, анын ичинен 1066 адам айыкты. Тилекке каршы, 16 өлүм катталды. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кырдаал туруктуу. Бирок баары бир мындайга жеткизбей, токтотуп калсак болмок», — деди Каратаев.

Количество просмотров: 1322