• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Каримовага кызмат жукпай койду

2 Жетинин айы 2018 18:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV
1-ноябрда Маданият министрлиги “Кызматка дайындоодо мыйзам бузулган”,-деген жүйөө менен Самара Каримованы кызматынан алды. Ырчы Ош шаарындагы Ниязаалы Борошов атындагы музыкалык орто окуу жайдын директорлук кызматын сурап, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өзү арыз менен кайрылган.
Бул тууралуу «Азаттыкка» маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Ал мекеменин статс-катчысы Каримованы директорлук кызматка мыйзам бузуу менен дайындаганын, андыктан ал чечим жокко чыгарылганын айтты.
 Буга чейин дагы Самара Каримова 2017-жылдын 26-июлунда Оштогу Сулайман-Тоо музей комплексине жетекчи болуп дайындалган. Коомдун кыжырдануусу жана катуу сын-пикиринин негизинде ал кызматтан баш тарткан. Бул дайындоо ошол учурдагы министр Түгөлбай Казаковдун дагы дарегине ар кандай пикирлердин айтылуусуна себеп болгон.
Самара Каримова мектепке барып, кызматкерлерлерге жыйын өткөрүүгө дагы жетишкен. Ырчы бул учурду видеого тартып, эл менен бөлүшүп адаттагыдай коомдун таалкуусуна түшкөн болчу.
 Ырчы кызмат ордунан кол жуугандан кийин үн катып, өз баракчасына жеке оюн жарыялады. Ал анын кичинекей кызматка келүүсү кээ бир адамдардын уйкусун бузуп жатканын, бирок бул үчүн сынбай, тескерисинче кайратына келип күчтөнө турганын жазды. Коомчулук эми Самара Каримова кандай кызматка барышы мүмкүн деген ойдо калды. Бирок, азырынча ырчыга эч кандай сунуш түшө элек.

 

 

 

 

Количество просмотров: 47