Темирлан Султанбеков 13-ноябрда укук коргоо органдары тарабынан кармалгандан кийин дароо ачкачылык акциясын жарыялаган. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына адвокаттарга шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, ушундай жол менен Темирлан Султанбеков ага каршы болуп жаткан мыйзамсыздык үчүн нааразылык билдирип жатат
14-ноябрда Бишкек ШИИБ «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков кармалганын маалымдаган. Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бир нече киши шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелүүдө.
«Күбө катары “Социал-демократтар” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталууда», — деп айтылат шаардык милициянын маалыматында. Партиянын лидери Темирлан Султанбеков, шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана тарапкери Роза Турксевер шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды