«Социал-демократтар» партиясынын лидери, учурда абакта жаткан Темирлан Султанбеков ачкачылыгын токтотту. Бул тууралуу анын социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.
Анын айтымында, медициналык текшерүү (МРТ) менен андан бир катар оорулар аныкталды жана ал дарыланууну көздөйт. Ошондой эле 1-мартта баштала турган Орозо айына даярдык көрүүнү пландап жатат
Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда «добуш сатып алуу» беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган.
Ал өзүнө коюлган дооматтардын баарын четке кагып, кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап жатканын жарыялаган жана муну «мыйзамсыз иштерге каршылык» деп түшүндүргөн. Ошондон бери анын саламаттыгы начарлап жатканы айтылган. Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.
Бишкектеги Свердлов райондук соту 8-февралда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты.