• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол эрежесин одоно бузган автобус айдоочулары иштен алынды

18 Бирдин айы 20259:20 Бишкек Govori.TV

Жол эрежесин одоно бузган муниципалдык автобустун 20 айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Күн мурун Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевдин төрагалыгы астында муниципалдык коомдук транспорт маселеси боюнча кезектеги жыйыны өттү.

Анда эреже бузган айдоочуларга эскертүү берилди. Ал эми жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн 20 айдоочу иштен алынды.

Жыйындын соңунда айдоочулар тарабынан жол эрежесин сактоону күчөтүү, коомдук транспорттогу тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча тапшырма берилди.

Количество просмотров: 224