• Ишенби 24 Куран 2021

“Карвендин” ээси Генрих Балян мамлекеттин эсебине 60 млн сом төктү

17 июня 2021 в 11:36 Бишкек Govori.TV

“Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттин эсебине 60 млн сом төктү. Бул тууралуу УКМКдан тастыкташты.

Эскерте кетсек, ишкер алдамчылыкка шектелип кармалган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, “Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси Г.Б. (Генрих Балян) мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 миң АКШ доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Г.Б. жогоруда аталган кыймылсыз мүлк, ага жеке менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары, кайтарып берүүсүз, Г.Б. тапшырмасы менен 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде ушул жылдын 15-июнунда Г.Б. аттуу жаран ушул кылмышка шектүү катары кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.

Количество просмотров: 167