• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Карыпбековдун отчету жабык эшик артында каралат

3 Чын куран 2018 14:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.04.2018.Govori.TV
Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбековдун отчетун караган Байкоочу Кеңеш жыйыны жабык эшик артында өтөт. Биздин агенттик Байкоочу Кеңеш жыйыны болорун өздүк булактардан билип калып КТРКга чалганда бир күн мурун катталышыңар керек болчу деп каттоодон баш тартышты.
Ошол эле маалда бул жыйынга бир да журналист аккредитация болбогону белгилүү болду.
Байкоочу Кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев журналисттер 24 саат мурун катталыш керек деп регламентте жазылганын айтып, журналисттерди киргизүү өтүнүчүбүздү четке какты. Жекшеевдин айтуусунда катышам деген журналист 24 саат мурун катталыш керек эле. Бирок ошол эле маалда Байкоочу Кеңеш жыйыны болорун кайсы жакка жарыя кылгандыгын айта алган жок. «Өздүк булактарыңардан уккан турбайсыңарбы жыйын болорун, шолордон 24 саат мурун катталуу керек экенин билип албайсыңарбы»,-деди Жекшеев.
Эске салсак, Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбековдун отчету 29-мартта кворум жок каралбай калган. Ал эми Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев отчетту электрондук почта менен кабыл алдыруу аракетин жасап жатканын төкмө акын, байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев айтып чыккан.
Количество просмотров: 38