• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Каржы министрлигинин кызматкери пара менен кармалды

4 Тогуздун айы 2022 14:27 Бишкек Govori.TV

Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара алып кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылып алып, ал акча каражатын жеке максаттарына жумшаган.

Аталган факт боюнча, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери тарабынан атайын иш чара өткөрүлгөн.

«2022-жылдын 24-сентябрында Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 1966-жылы туулган Р.С. кармалып Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. 26-сентябрда ага айыбы угузулуп, Р.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Каржы министрлигинин ички аудит кызматынан ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-сентябрында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 100