• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Каржы пирамидаларын уюштургандар аныкталды, бирок качып кетишти

13 Бештин айы 2021 23:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (“Каржы пирамидаларын уюштуруу”) менен козголгон кылмыш ишитергелүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө Украина мамлекетинин жарандары В.К., Е.Т., В.Ж., О.С., М.С. жана Кыргыз Республикасынын жарандары А.Ч., Н.И.жана А.Дж. мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатын көздөп, каржы пирамидасын түзүшкөндүгү аныкталган. Алар маркетингдик иш чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүшүп, жарандар тарабынан салынган акча каражаттар жыл сайын 260% га чейин жогорку үстөк менен кайтарылып берилери тууралуу жалган убадаларды беришип, жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан.

Натыйжада, алданган жарандардын саны 5000ден ашып, жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 3 млн. АКШ долларын түзгөн. 

Тергөөдө көрүлгөн чаралар менен “Г.К.” жана “К.Дж.Г.” жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи И.Н.Б. жана кассири Дж.А.Э. аттуу жарандар камакка алынды.

Ал эми, жогоруда аталган шектүүлөр өлкө аймагынан качып кетишкендиги такталды. Ушул себептүү, аларга карата сыртынан айып угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, алар издөөгө алынды.

Жабырлануучулардын саны көп жана келтирилген зыяндын көлөмү ири өлчөмдө болгондуктан аталган кылмыш иши Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 4519