• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кашкар Жунушалиевди сотко мажбурлап алып келүү чечими чыкты

24 Жалган куран 2022 16:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановдун жактоочуларынын мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди күбө катары мажбурлап алып келүү сунушун канааттандырды.

Белгилей кетсек бүгүн, 24-мартта Биринчи май райондук соту иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча ишин кароону улантты.

Буга чейин дагы Кашкар Жунушалиев Асановдун ишинде негизги күбө экени айтылып, жактоочулар аны мажбурлап алып келүү өтүнүчүн киргизилген.

Эске салсак, Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта Кой-Ташта орун алып, аны Кашкар Жунушалиев башында турган Ички иштер министрлиги өткөргөн. Ал күнү Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүүдөн кийин колго түшүп берген.

Кой-Таштагы окуядан кийин Асанов жумуштан бошотулуп, кылмыш иши козголгон. Ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлган.

Количество просмотров: 4082