• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Касмамбетов Нарын облусундагы мектептин жаңы заманбап спорт залын ачты

17 Жалган куран 2022 19:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 17-мартта, Нарын облусунун Кочкор районунун Мантыш айылындагы орто мектептин жаңы заманбап спорт залынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө мамлекет спортко өзгөчө көңүл буруп жатканын, анткени Кыргызстандын бакубат келечеги — дени сак, акылы тунук, ар-намыстуу жана кайраттуу жаштардын колунда экенин белгиледи. Ал эми спорт анын башкы өбөлгөлөрүнүн бири болуп саналат.

Мамлекеттик катчы акыркы жылдары кыргыз спортчуларынын дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери сыймыктануу сезимин жаратып келерин эске салды. Азыр дүйнөгө атагы чыккан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев сындуу уул-кыздарыбыздын көбү — дал ушу элет жергесинде туулуп-өскөн жана таалим-тарбия алган жаштар.

«Мындай ири ийгиликтердин артында жергиликтүү бийлик органдары менен машыктыруучулардын, мугалимдер менен тарбиячылардын, ата-энелер менен айылдаштардын көп жылдык мээнети, талыкпаган эмгеги, илгери үмүтү менен изги тилеги турат. Буюрса, ушул мектепте билим алып, спорт менен машыккан, өз жергесине эле эмес, жалпы Кыргызстандын атын алыска угузган көптөгөн жаштар тарбияланып чыгарына толук ишенем», — деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, КР Министрлер Кабинетинин алдындагы архитектура, курулуш жана турак-жай-кммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси — аким Курбанбек Камчыев катышты.

Нарын облусуна болгон сапарынын алкагында мамлекеттик катчы мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин Кочкор районундагы эстелигине гүл койду.

Количество просмотров: 913