• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди

27 Жетинин айы 2019 13:06 Бишкек Govori.TV

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Казакстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт жана анын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Казакстандын Президентинин Мамлекеттик визитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекете боло турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Количество просмотров: 116