• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Касымалиева: Партиянын тизмесинен аялдарды сүрүп чыгаруу аракети болот

14 Чын куран 202114:07 Бишкек Govori.TV

Вице-спикер Аида Касымалиева айымдардын шайлоодон кийин укуктары корголбой жаткан учурлар катталып жатканын билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгы чыкканда аялдарга карата эркектер тарабынан ар кандай кысымдар болот.

«Албетте тизмеден аялды чыгарып салуу аракети болот. Басым же өздөрүнүн арыздарынын негизинде болушу мүкүн. Баары бир эле бул басым катары сыпатталып калат. Мен бир катар аймактык шайлоо тилкелерине байланышып көрдүм, салыштырмалуу жакшы өткөнүн айтышты. Ал эми айрым жерлерде бул маселе катуу козголуп, сөз болуп жаткан чагы. Силер аз добуш алдыңар, биздин орунга туруп калдыңар, тизмеден чыккыла, баш тарткыла деп. Мындай абалды көз жаздымда калтыруу болбойт. БШК өз убагында буга маани берүүсү абзел. Аялдар да буга көз жумбай айтып чыгыш керек. Ороктогу окуя да ушундан улам болуп жатпайбы. Эркектер аялдарга каршы чыгып, ар кандай билдирүүлөрдү айтып жатышат. Айымдар да буга каршы турууга даяр болуп, күрөшүү керек», — деди Касымалиева.

Эске салсак, айылдык кеңештеги орундардын 30 процентин аялдарга калтыруу тууралуу мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Бул эреже быйыл 11-апрелде өткөн жергиликтүү шайлоолордо алгач ирет колдонулду. 7560 орундун 2943үн аялдар ээлеши керек.

Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыгышкан. Боршайком бул окуяны азыр милиция жана жергиликтүү шайлоо комиссиясы териштирип жатканын билдирди.

Количество просмотров: 170