Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын квота киргизилиши мүмкүн. Квота маселеси бүгүн парламентте каралып, жаңы мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Азыркы Эмгек кодексине ылайык, ар бир ишкананын кызматкерлеринин 4 пайызын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен толуктоого милдеттендирген норма бар, бирок мамлекеттик жана муниципалдык органдарда мындай квота азырынча жок болчу.
Эми, квалификациясы дал келген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кадр резервине кирип, бош орундарга артыкчылык менен дайындалат. Бирок депутаттар белгилешкендей, мыйзам дароо иштей баштайт деп айтууга эрте, анткени бардык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жогорку билими жок.
Кыргызстанда 222 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын 36 миңи — балдар. 2020-2025-жылдары 1 миң 584 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жумушка орношкон. Жаңы мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.