25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Айпери Касымбекова 32 жашта. Ал коомдук иштерге активдүү аралашып келет.
«Techno Women Kyrgyzstan коомдук фондунун лидеримин. Биз кыздарга айти тармагында өсүп-өнүгүүгө өбөлгө түзүп келебиз. Бир жыл аралыгында эле аймактардагы айымдардын окуп өсүүсүнө багытталган бир нече долбоорлорду ишке ашырдык. Айымдардын психологиялык жактан тартып менталдык билим алуусуна чейин көмөк көрсөтүп келебиз. Бул сыңары тренингдер Орто Азия чөлкөмүндө өтө маанилүү деп эсептейм, себеби бизде айымдарга саясий, экономикалык жактан колдоо керек», — деди ал.