• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ката жазылган “Адеп” китеби мындан 10 жыл мурун чыккан

20 Бештин айы 2018 16:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.12.2018. Govori.TV


Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине карата сындар байма-бай айтыла баштады. Алардын катарын жакында эле төртүнчү класстары үчүн “Адеп” окуу китебиндеги каталар болду.

Буга чейин аталган китептеги орчундуу каталар коомчулуктун талкуусуна кабылып, тиешелүү министрликке карата ар кандай терс өңүттөгү сын-пикирлер айтылган. 

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуу куралындагы каталар туурасында маалыматы бар экенин жана китеп 2007-жылы ал министр болгонго чейин басылып чыкканын кошумчалады.

“Адеп китеби 2007-жылы басылып чыккан. Ал боюнча азыр жаңы базисттик окуу планын иштейбиз, анын алкагында “Адеп” сабагына жаңы өзгөртүүлөр киргизилип, китептер чыгарылат”,-дейт Кудайбердиева.

Количество просмотров: 20