• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Катализатору жок унаалардын айдоочуларына 20 миң сом айып салууну сунуштады

19 Бештин айы 2022 13:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев катализатору жок айдаган унаалардын айдоочуларына 20 миң сом айып салууну сунуштады.

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо же каттоо боюнча маалыматтарга өзгөртүү киргизүүдө унаада катализатор жок болсо, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган.

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 1-январына карата маалыматы боюнча, өлкө аймагында 1 млн 103 миң 445 жеңил унаа каттоодон өткөн.

Белгилей кетсек, унаалардан чыккан түтүн Бишкекти каптаган ыштын бирден бир себеби болууда.

Количество просмотров: 418