Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттик жана ЖК депутаттарын шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга Жогорку Кеңештин сайтына коюлду.
Максаты — жарандардын шайлоолордо жана референдумдарда өздөрүнүн бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылуу. Мыйзам долбоорунда жүйөлүү себеби бар адамдар гана айыпка жыгылбайт.
Икрамов шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн болуп жатканын белгилөөдө.
«Добуш бербеген шайлоочуларга айып салыныш керекпи?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: