Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттик жана ЖК депутаттарын шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга Жогорку Кеңештин сайтына коюлду.
Максаты — жарандардын шайлоолордо жана референдумдарда өздөрүнүн бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылуу. Мыйзам долбоорунда жүйөлүү себеби бар адамдар гана айыпка жыгылбайт.
Икрамов шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн болуп жатканын белгилөөдө.