• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Катар Эмири Кыргызстанга эмне үчүн келди?

7 Кулжа 2023 10:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен президент Садыр Жапаровдун тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү болду. Андан соң эки өлкөнүн башчылары кең форматта сүйлөшүүлөрдү улантып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы менен эки тараптуу бир катар документтерге кол коюулары пландалууда.

Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келиши эки өлкөнүн дипломатиялык алакасына 25 жыл толгонуна байланыштуу болгону айтылды. Кыргызстан менен Катар дипломатиялык документтерге 1998-жылы кол коюшкан.

Количество просмотров: 102