• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каттамдарын токтоткон «Аэрофлот». Бишкекте билет акчасын кайтарып алууну каалагандардын кезеги жаралды

7 Жалган куран 2022 12:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-мартта Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясынын имаратынын алдында кезек күткөндөр көбөйдү. Бул тууралуу Govori.TVга жеринен кабарчыбыз билдирди.

«Мен бир жарым ай мурун Москва шаарына билетти 15 миң сомго сатып алгам. 9-март күнү учушум керек эле. Деген менен «Аэрофлот» эл аралык аба каттамдары убактылуу токтотконун кабарлады. Банктык төлөм картасы менен билет сатып алгандардын каражатын 30 күн ичинде кайтарып беребиз дешти. Ал эми накталай төлөм болгон учурда 2 күндө акчасын кайра беришет экен. Белгилүү болгондой, «Аэрофлот» компаниясы учурда Беларусь өлкөсүнө каттамдарын аткарып жатат. Аталган өлкөгө баруу үчүн билет баасы 26 миң сомду түзөт. Беларусь мамлекетинен Москва шаарына баруунун баасы 8 миң сом»,-деди кезек күткөндөрдүн бири.

Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга болгон учууларын токтотконун расмий сайтына жарыялаган.

«Аэрофлот авиакомпаниясы 8-марттан тарта эл аралык аба каттамдары убактылуу токтотту. Аткарылбай калган эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү билет үчүн төлөгөн акчасын толугу менен кайтара алышат»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Орусиялык S7 Airlines авиакомпаниясы бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга болгон учууларын токтоткон. Мунун алдында орусиялык Smartavia авиакомпаниясы да каттамдарынын баарын токтотконун жарыялаган.

Авиакаттамдарды токтотууга Европа мамлекеттеринин аба мейкиндиктерин жабуусу жана Евробиримдиги менен АКШ баштаган мамлекеттердин санкциялары себеп болду. Санкциялар орусиялык авиакомпанияларга учактарды, аларга тетиктерди жана жабдууларды сатууга тыюу салат. Мындан сырткары учактарга ээлик кылган компаниялар орусиялык компаниялардан лизингге берилген транспортторду кайтарууну талап кылып жатат.

Количество просмотров: 1401