Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири — Чыңгыз Айтматов чокусу деп аталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Султан Раев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Ал чокуга кечээ, 16-ноябрда Кыргызстандын Мамлекеттик желеги, Айтматов чокусунун табличкасы орнотулган. Чокуга табличканы кыргыз альпинисттери жеткиришкен. Кавказ тоосунун чокусу Чыңгыз Айтматов чокусу деп аталып калды.
«13-ноябрда альпинистерибизге ак жол каалап сапарга узаттык эле, алар бул чокуну багынтты.Бул иш-чараны толугу менен КР Президенти С. Ш. Жээнбеков колдоп, каражатын чечип берди.Чыңгыз Айтматовдун атактуу Кавказ тоосундагы чокусу жана чокуда желбиреген Кыргыз желеги кут болсун!»,-деген Султан Раев.