• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Каза болгон айдоочунун достору УКМКнын төрагасына кайрылуу жасашты (видео)

28 Баш оона 2021 15:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги милициянын кайгуул кызматынын инспектору аткан октон каза болгон айдоочунун достору аталган окуяны жеке көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

«Кайрылуубуздун максаты — намаз окуу үчүн мечитке келген досубуздун бүгүнкү резонанс жараткан өлүмүн жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз. Ал жол эрежесин бузуп, каршы тилкеде айдап келип, мечиттин жанына токтогон. Аны 4 инспектор токтоткон. Сүйлөшүү учурунда чыр чыгып, инспектор кызматтык куралын алып чыгып, досубузду аткан. Асманга ок атылган эмес. Тез жардам унаасы 40 мүнөттөн кийин гана келген. Биз сизден бүгүнкү чуулгандуу киши өлтүрүү фактысын жеке көзөмөлүңүзгө алуу менен адилет иликтөөнү суранабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, 27 -август күнү милициянын кайгуул кызматынын инспектору жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Натыйжада 32 жаштагы киши каза болгон. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.

Бишкек ШИИБнын маалыматы боюнча, каза болгон жаран каршылык көрсөтүп, ок кокусунан атылып кеткен.

Учурда ок чыгарган инспектор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 5770