• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин кеңсеси жабылууда

8 Кулжа 2023 9:59 Бишкек Govori.TV

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кеңсеси жакынкы айларда ишин токтотот. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Казакстандын вице-премьер-министри Ерулан Жамаубаевге шилтеме берүү менен билдирди.

«Бул кеңсени реструктуризациялоо жүрүп жатат. Жакын арада акыры чечим кандай болорун айтып берем деп ойлойм. Менимче, бир жарым айдын ичинде мындай кеңсе мындан ары жок болот», — деген ал. Анын айтымында, аппараттын кызматкерлери башка уюмдарга которулат же кыскартылат.

Назарбаевдин кеңсесинин ишмердүүлүгү ушул жылдын башында күчүн жоготкон “Биринчи президент – Элбасы жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынып келген. Биринчи президенттин аппараты өлкө бюджетинин эсебинен каржыланган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-февралда «Биринчи президент — Элбасы жөнүндөгү» мыйзамды жокко чыгаруу жана анын жакын туугандарын куугунтуктан коргоо иммунитетинен ажыраткан мыйзам долбооруна кол койгон.

Казакстанда 2022-жылдын июнь айындагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда ондон ашык оңдоп-түзөтүүлөр кирген. Баш мыйзамдан биринчи президент тууралуу бардык жобо алынган. Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан да кол жууган.

Количество просмотров: 69