• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Казак бийлиги суу каптаган аймактарда 11 миңден ашык киши эвакуацияланганын билдирди

1 Чын куран 2024 10:53 Бишкек Govori.TV

31-мартта Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов селдин кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Анын жүрүшүндө өлкөнүн суу каптаган аймактарынан 11 306 адам эвакуацияланып, 5 миңден ашуун киши убактылуу баш калкалоочу жайларда жашап жатканы айтылды.

Расмий маалыматка ылайык, сел 40 жолду жана бир көпүрөнү жууп кетти. Казак бийлиги өзгөчө кырдаал аймагындагы элге жардам күнү-түнү көрсөтүлүп жатканын билдирүүдө. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн 7 миңден ашык адам иштеп, 2 миңден ашык техника мобилизацияланганы кабарланды.

Республикалык штаб президент Касым-Жоомарт Токаевдин 30-марттагы чукул жыйынынан кийин түзүлгөн.

«Азаттыктын» казак кызматы штабдын маалыматына таянып, учурда Казакстандын он аймагында суу каптоо коркунучу бар экенин жазды. Бир катар шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Казакстанда күн жылып, кар эригени дарыялар жээгинен чыгып, бир нече аймактагы айыл-кыштактар суу астында калды.

Количество просмотров: 60