Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
Ысык-Көл районунда ижарага скутер (сууда сүзүүчү) алган Алматанын тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиришти.
Алдын ала маалыматка караганда, Ысык-Көлгө эс алганы келген Казакстандын Алмата шаарынын тургуну М.А. саат 14:30 чамасында ижарага скутер алып, белгисиз тарапка сүзүп кеткен. Ал Кара-Ой айылындагы пансионатта эс алып жаткан.
Аны издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана милиция кызматкерлери тартылды.