Казакстандын чек ара кызматкерлери чек арадагы өткөрүү бекетинен айланып кирүүгө аракет кылган үч орус жараны кармалганын билдиришти.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай, 25-сентябрда Костанай облусунун чек ара департаментине караштуу тилкеден үч орус жараны кармалган. Алар Орусиядагы жарым-жартылай мобилизациядан качып чыгышканын айтышкан.
«Кармалгандар суракка алынып жатат, анын жыйынтыгында алар орус тарапка өткөрүлүп берилет», — деп айтылган комитет тараткан билдирүүдө.
Кармалгандардын жашы жана аты-жөнү жөнүндө маалымат жок.
Костанай облусу Орусиянын үч облусу: Оренбург, Челябинск жана Курган облустары менен чектешет.