• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусия 15-январда кошумча мобилизация жарыялашы мүмкүн

9 Үчтүн айы 202317:34 Бишкек Govori.TV

Орусия 15-январда кошумча мобилизация жарыялашы мүмкүн. Мындай божомолун Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Черняк билдирди.

Анын айтымында, «террорист-өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө жарым миллионго чейин орусиялык жаран мобилизацияланат. Жарлыктын долбоору бар, бул жолу мобилизация мурдагыдай эле ири орус шаарларында, анын ичинде Москва жана Санкт-Петербургда ишке ашат».

Черняктын маалыматына караганда, мобилизация социалдык чөйрө менен катар, орус экономикасына киреше алып келген тармактарда иштегендерге да тиешелүү болот.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 5-январда Орусия мобилизациянын кезектеги толкунуна даярданып жатканын кабарлаган.

Москва мобилизациянын кезектеги айлампасын өткөрүү ниетин жарыялай элек.

2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Количество просмотров: 218