• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жарым-жартылай мобилизация боюнча Кремль түшүндүрмө берди

24 Үчтүн айы 2023 9:36 Бишкек Govori.TV

Песков мобилизацияга жарандарды аскердик кызматка чакыруудан сырткары куралдуу күчтөрдү милдет-максаттар менен камсыздоо зарылдыгы сыяктуу башка иш-чаралар да кирерин тактады.
Жарандардын аскердик кызматка чакырылышынын аякташынан сырткары жарым-жартылай мобилизациянын Коргоо министрлигине зарыл болгон башка дагы милдеттери бар. Бул туурасында РИА Новости Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме кылып маалымат таратты.

«Куралдуу күчтөрдүн алдына коюлган милдеттерди аткаруу зарылдыгынан улам жарым-жартылай мобилизацияга тартуу иштери тиешелүү санга жеткичекти жасала берет. Коргоо министрлиги белгиленген сан толгондугун, андан улам жарым-жартылай мобилизация аяктагандыгын билдирди, токтоду», — деди Песков журналисттерге.

Ал аталган мобилизацияга жарандарды аскердик кызматка чакыруудан сырткары куралдуу күчтөрдү милдет-максаттар менен камсыздоо зарылдыгы сыяктуу башка иш-чаралар да кирерин тактады.
«Бул — аскер кызматкерлеринин алдына коюлган милдеттерди аткарышы сыяктуу жана башка дагы бир топ иштер. Аталган багытта иштер уланып жатат», — деп белгилеген Песков.

Анын айтымында, жарым-жартылай мобилизация боюнча чакыруу иштери аяктады, бул жерде Россия президентинин айткандары менен билдирүүсүнө караш керек. Бирок аталган процесс тууралуу жарлыкта Коргоо министрлигине зарыл болгон башка дагы функциялар белгиленген.

Количество просмотров: 75