• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Казак президенти Кыргызстанга келди

20 Теке 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. 

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлагандай, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Количество просмотров: 294