• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Казак-өзбек чек арасында автоунаалар топтолду

5 Чын куран 20199:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.04.2019.Govori.TV.

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы “Казыгурт” бажы бекетинде жүк ташыган автоунаалар топтолуп өтө албай турушат.

Атын атагысы келбеген айдоочулардын бири “Азаттыктын” казак кызматына кезектин пайда болгонуна кеминде бир жума өткөнүн айтып берди.

«Чек арада кезекте турганыма үч күн болду. Биерде алты, атүгүл 10 күндөн бери жүргөндөр бар. “Капланбек” да толгон» — деди айдоочу.

Азырынча “Капланбек” өткөрмө бекетиндеги абалды тактоого мүмкүн боло элек.

Казакстандагы Түркстан облусунун Мамлекеттик кирешелер департаментинин өкүлү Марат Кулекеев унаалар бажы бекетинен жай өтүп жатканын ырастады. Ал муну өзбек тараптагы жолдун оңдолуп жатканына байланыштырды.

“Бир жумадан өттү. Өзбекстандын аймагында жол оңдоо иштери жүрүүдө” — дейт Кулекеев.

19-марттан бери кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек – Автожол” бекетинде да унаалардын өтүшү кыйындап, ушу тапта ал жерде 240 чамалуу жүк тарткан автоунаа топтолуп турат.

Количество просмотров: 13