• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакбаев Азербайжандын элчисин кабыл алды

19 Тогуздун айы 2021 17:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-октябрда КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси, дипломатиялык корпустун башчысы Гидаят Оруджевди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министр Руслан Казакбаев элчи Г.Оруджевдин Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоого кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

Тараптар кыргыз-азербайжан мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчисинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарышты. Бул контекстте алар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо пландарын жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттердин графигин талкуулашты.

Ошол эле учурда, элчи Г.Оруджев Кыргызстанда дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн мезгилинде кыргыз тарап менен дайыма колдоо, түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу болгонун белгиледи.

Жакынкы жана ортоңку мезгилге карата эки тараптуу күн тартибиндеги милдеттер өзүнчө каралды.

Количество просмотров: 133