• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакбаев: Чек арадагы жер алмашуу маселесин Баткендиктер менен эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли менен макулдашуу керек

22 Үчтүн айы 2020 15:58 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы жер алмашуу маселесин Баткендиктер менен эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли менен макулдашуу керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев билдирди.

«Чек арадагы белгиленген участокторду алмашуу маселеси боюнча көпчүлүгү жергиликтүү эл менен макулдашуу керек деген пикрлерин айтып жатат. Эгерде жер алмашуу болсо, Баткендин эли менен эле эмес бүтүндөй кыргыз эли менен макулдашуу керек. Анткени бул кыргыз элинин жери. Буга байланыштуу кененирээк талкуу жарала турган болсо, жалпы референдумга алып чыкса болот»,-деди Казакбаев.

Количество просмотров: 313