• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакбаев: Чет жерде 68 миң 691 шайлоочу катталды

6 Аяк оона 2021 16:53 Бишкек Govori.TV

Ушул күнгө карата Кыргызстандын чет өлкөдө добуш бере турган жарандарынын саны 68 691 жаран. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-сентябрындагы отурумунан кийин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Казакбаевдин айтымында, чет жактагы шайлоо тилкелеринин санын кеңейтүү боюнча иштер жүрүүдө.

«Ушул күнгө карата чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 68 миң 695 жаран катталды. Анын көбү Орусиянын Красноярск, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск шаарларында. Ошондой эле Түркия, Казакстан, Америка Кошмо Штаттары сыяктуу башка мамлекеттерде. 2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого пандемиянын айынан катышуу аз болгон. 9300 киши добуш берген. Ал эми январдагы референдум жана президенттик шайлоодо чет жактагы 3,5 миң кыргызстандык добуш берди. Тышкы иштер министрлиги, Борбордук шайлоо комиссиясы, Министрлер кабинети, элчиликтер чет жерлердеги биздин мекендештерди биометрикалык каттоодон өткөрүп, шайлоого катыштырууга шарт түзүп берүү үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Орусия, Түркия, Казакстан, АКШ сыяктуу бир катар өлкөлөрдө шайлоочулардын саны дагы такталып жатат, жалпы чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси ачылат»,-деди министр.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. 

Количество просмотров: 90