• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакбаев: “Чоң казаттын” айтканы менен депутаттын үстүнөн текшерүү жүргүзүү канчалык негиздүү?

13 Бугу 2020 16:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, “Чоң казат” кыймылынын саясий чакырыктары боюнча суроо салды.

“Чоң казат” деген уюму социалдык тармакты дүңгүрөтүп жатат. Аларды 200-300 миң адам көрүп жатат. Бир дагы саясатчынын макаласын анча киши окубайт. Азыр айылдарды кыдырып, “Чоң казатка” чакырып жүрөт. Ал уюмдун айткандарына оюңар кандай”, — деген суроо салды.

УКМКнын жетекчиси бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Муну менен катар Казакбаев “Чоң казаттын” билдирүүсү боюнча депутат Кубанычбек Жумалиевдин үстүнөн текшерүүнүн жүрүп баштаганы канчалык негиздүү? Эмне үчүн буга чейин эмес, азыр баштадыңар?”, — деди.

Өкмөт башчы буга жооп берип, бардык иликтөө, тергөө иштери объективдүү, мыйзам талаасында болушу керектигин айтты.

“Эгерде факты, кагаз жүзүндө аргументтер болсо жана жарандардан кайрылуулар болсо ошонун негизинде иш алып барса болот. Жөн эле чогулуп алып, ар нерсени айта берүү туура эмес. Бардыгы мыйзам алкагында ишке ашат”, — деп айтты Абылгазиев

Количество просмотров: 190