• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакбаев: Өзгөчө абал киргизгенге өкмөт да министрлик да даяр эмес

26 Кулжа 2020 15:01 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө абал киргизгенге өкмөт да министрлик да даяр эмес. Бул тууралуу ЖК депутаты Руслан Казакбаев «Майдан» дебатында айтты.

Анын айтымында, учурда жаралган абалда жагдайды, башаламандыкты көзөмөлдөөгө өкмөттүн да Саламаттык сактоо министринин да күчү жетпей калды.

«Буга чейин киргизилген өзгөчө абал өкмөткө министрликке даярданып алуу үчүн берилген эле. Коронавирус учурда баардык жерде табылып жатат. Башаламандык болуп кетти. Өзгөчө абал киргизилгени менен өкмөт да Саламаттык сактоо министрлиги да даяр боло албай калды. Бул маселеден биз жалгыз чыга албайбыз», — деди ал.

Количество просмотров: 479