• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан Кыргызстандын эттерин киргизүүгө чектөө койду

17 Тогуздун айы 2018 11:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.10.2018.Govori.TV.

Казакстандын этке койгон чектөөсү жакынкы күндөрдө алынат. Бул тууралуу Чек ара ветеринардык-санитардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөн Ырсалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Айыл чарба министрлигине бул боюнча кат жөнөтүлгөн«Чектөө эч кандай негизсиз жана эскертүүсүз киргизилген. Казак тарапка кат жөнөтүлгөн. Жакеынкы арада чектөө алынып, бул маселе чесилет»-дейт Ырсалиев

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы куш тумоосу жайылууда деген шектен улам Казакстандан тоок этин алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизген. Буга байланыштуу Казакстан Кыргызстанда өндүрүлгөн эт продукцияларын киргизүүгө чектөө койгон.

Ал эми 13-октябрда Кыргыз тарап тоок этин алып кирүүгө киргизилген чектөөнү алган болчу.

Количество просмотров: 33