• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстан Кыргызстанга 25 миң доза QazVac вакцинасын берди

29 Теке 2021 10:02 Бишкек Govori.TV

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары бөлүп берген QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы 28-июлда Бишкекке жеткирилди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, Казакстандын Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-изилдөө институту ойлоп тапкан бул вакцина 18 жаштан жогору курактагыларга коронавирустан коргонуу үчүн сайылат. Биринчи доза менен экинчисинин ортосундагы аралык 21 күн болушу шарт.

QazVac вакцинасы стандарт технология боюнча иштелип чыккан. Ал эми коронавирустан сактоо деңгээли 90% жогору. Бүгүнкү күндө Казакстандын өзүндө аны 300 миңдей адам алганы, ден соолукка олуттуу зыян келтирген учурлар катталбаганы гуманитардык жардамды кабыл алуу салтанаты учурунда айтылды.

Количество просмотров: 60