• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Казакстан менен Тажикстанда рублдин баасы төмөндөөдө

26 Бештин айы 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Казакстан менен Тажикстанда рублдин наркы төмөндөөдө. Бул көрүнүш Орусиянын өзүндө да байкалууда.

Эксперттер муну Орусияда мунай экспортунун кескин кыскарышы менен түшүндүрүшүп, орус экономикасына батыш санкцияларынын кесепети эми сезилип жатканын айтышууда.

Тажикстанда рублдин арзандашы өлкө жашоочуларын тынчсыздандырууда. Көптөгөн тажик мигранттары жакындарына орус валютасы менен акча которушат. Эгер рубль төмөндөп кетсе, алардын кирешеси да кыскарат. Расмий маалымат боюнча калктын 75% мигранттар жөнөткөн акча менен жашайт. Өткөн апта башында 1000 рубль үчүн 158 сомони берилип жатса, азыр бул көрсөткүч 141 сомониден көп эмес.

Казакстанда бир рубль 9 теңгеге чейин жеткен учурлар болгон. Азыр 6,4 теңгеге түшүп калды. Талдоочулардын пикиринде, рублдин кунсузданышы экономикага оң таасирин тийгизиши мүмкүн: Орусиядан экспорттолгон товарлар, анын ичинде азык-түлүк бираз арзандашы күтүлүүдө.

Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларын күчөтө берсе, рубль мындан ары да төмөндөй турганы болжолдонууда.

Количество просмотров: 349