• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Казакстан Палестинага кошумча гуманитардык жардам жөнөтөт

30 Жетинин айы 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Казак өкмөтү 29-ноябрда «Газа тилкесиндеги катастрофалык гуманитардык кырдаалдан улам» Палестинага кошумча гуманитардык жардам жөнөтүүнү пландап жатканын жарыялады.

Гуманитардык жардамдын курамында 38 тоннадан ашык азык-түлүк, төшөнчүлөр, дары-дармек жана медициналык буюмдар бар.

24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө киргенден бери ХАМАС радикал уюму барымтадан жапысынан 51 туткунду бошотту. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.

БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун «эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин» дүйнөлүк уюм эскертти.

Количество просмотров: 56