• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстан парламент сенатынын төрагасы Кыргызстанга келди

23 Үчтүн айы 2023 16:49 Бишкек Govori.TV

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Маулен Ашимбаев расмий иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды арттыруу маселелерин талкуулайт. Муну менен катар парламент депутаттарынын катышуусунда кеңейтилген курамдагы жолугушуулар өтөт.

Ошондой эле Сенат Төрагасы Президент Садыр Жапаров менен да баарлашып, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган форумга катышат.

Количество просмотров: 107