Казакстандын түштүгүндөгү селдин кесепетинен Түркстан облусу 9,5 миллион доллар чыгаша тартты. Жергиликтүү бийлик 7639 гектар айдоо талаалары суу алдында калганын, 300гө чукул мал жандыктары өлгөнүн билдирди.
Миңден ашуун айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлдү. Комиссиянын чечими менен аларга компенсация төлөнүп берилет.
Канча турак жайдын зыянга учураганы тууралуу айтылган жок.