Караганды облусундагы көмүр шахтасындагы өрттөн 32 адам каза тапканына байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-октябрды Аза күтүү күнү деп жарыялады.
Казак президенти кырсык болгон жерге — «Арселор Миттал Темиртау» компаниясына таандык Костенко шахтасына барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту. Аларга көңүл айтып, авариянын себептери иликтенип, куткаруучу операциялар уланып жатканын билдирди.
Расмий мааымат боюнча шахтадагы авариядан набыт болгондордун саны 32 адамга жетти. Ушул тапта жер алдында дагы 14 шахтер калганын «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы маалымдады.
Ишкана өрт шахтадагы метан газынын жарылуусунан улам чыкканын билдирген. Маалыматка ылайык, жарылуу болгон кезде шахтада 252 адам болгон, алардын 208и тышка чыгарылган. Жергиликтүү бийлик куткарылган шахтерлордун 18и ооруканага жеткирилгенин маалымдаган, учурда алардын 17си бейтапканада, бирөө абалы канааттандырарлык болгону үчүн стационардан баш тарткан.
Кырсык боюнча Кылмыш кодексинин «Тоо-кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдөгү коопсуздук талаптарын бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Булак: Азаттык.