• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Казакстанда активист Маруа Ескендирова камакта калтырылды

27 Бештин айы 202318:09 Бишкек Govori.TV

Батыш Казакстан облустук сотунун апелляциялык инстанциясы «тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузууга» айыпталып жаткан оролдук активист Маруа Ескендированы 25 суткага административдик камакка алуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Активист Жаңы жылды темир тор артында тосот.

14-декабрда сот активистти «Административдик жазага тартылгандан кийин бир жылдын ичинде кайталап митингдерди уюштуруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Полициянын корутундусуна ылайык, активист 4-декабрда Фейсбукта митингге чакырган билдирүү жарыялаган.

Сотто Ескендирова телефону уурдалгандан бери аталган Facebook аккаунтун акыркы эки жылда такыр колдонбогонун айткан. Активист аккаунту смартфон менен байланышта экенин, ал уурулук фактысы боюнча полицияга 2021-жылы кайрылганын белгилеген. Сот отурумунда Ескендирова билдирүү анын баракчасынан жарыяланбаганын, анын автору башка колдонуучу экенин айткан.

Быйыл февралда Орол соту «тыюу салынган уюмдун ишине катышты» деген айып менен Маруа Ескендированын эркиндигин чектеген. Сот ага коомдук-саясий иш менен алектенүүгө тыюу салган.

Количество просмотров: 90