• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Казакстанда «бийликти басып алууга чакырык жасаган» деп айыпталгандар үчүн 15 жылдык жаза суралды

1 Бирдин айы 20249:02 Бишкек Govori.TV

Казакстанда «бийликти басып алууга чакырык жасоо» иши боюнча өтүп жаткан сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Бул тууралуу Masa Media басылмасы кабарлады.

Прокурор Рахат Естибек соттон бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан жети кишинин баарын тең күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ал Айдос Илипбаев үчүн 3 жыл төрт ай, Акылжан Кисымбаев, Тенлик Нурланов, Олжас Кулжаханов, Сагынгүл Конар үчүн 13 жылдан жана Ержан Төрөкулов менен Багдагүл Андреева үчүн 15 жылдан эркинен ажыратуу жазасын сурады.

Соттолуучуларга Кылмыш кодексинин «Бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо», «Экстремисттик топ түзүү, аны жетектөө же ишмердүүлүгүнө катышуу» жана «Жапырт башаламандыктарды пландоо» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Сотто Илипбаевден башка соттолуучулардын баары айыптоолорду четке кагышты. Өткөн жылы казакстандык укук коргоочулар бул иш саясий негиздер менен козголгонун билдирип, айыпталуучуларды саясий туткундардын тизмесине киргизишкен.

Masa Media’нын маалыматына караганда, 31-январдагы сот отурумунда айрым айыпталуучулар иштин стенограммасы «кураштырылганын» айтып, аны жараксыз деп табууну өтүнүштү. Айыпталуучу Андреева соттон ага каршы көрсөтмө берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жараксыз деп табууну сураса, адвокат Төлөгөн Берликожа стенограмманы экспертизадан өткөргөн эксперттерди сотко чакырууну жана аларды жоопкерчиликке тартууну өтүндү.

Бул иш боюнча кийинки отурум 7-февралга белгиленди.

2022-жылы ноябрда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети президенттик шайлоо өтө турган 20-ноябрда «бийликти басып алуу максатында жапырт башаламандыктарды пландоо» шеги менен жети киши кармалганын кабарлаган.

Количество просмотров: 66